№186 МЧББУ Мектепке чейинки билим берүү мекеме №186

"Мекен коргоочулар күнүнө"карата ата-энелер жана тарбиячылар менен бирдикте жасалган дубал газеталары.
№186 МЧББУда куурчак театры.
2020-жылдын 27-февралында №186 МЧББУга куурчак театры келип балдарга "Минимаус светофор дуйносундо" аттуу шоу программасын көрсөтүштү. Балдарга абдан кызыктуу жана маалыматтуу болду.
Жаратылыш бурчу.
Бул жаратылыш бурчундагы балдардын байкоо жургузгонго,урук сееп жазга даярдануу бурчу
Куурчак театры.
Биздин бала бакчабыздагы балдар куурчак театрын абдан жакшы көрүшөт жана чыдамсыздык менен күтүшөт. Театр балдардын ой жүгүртүүсүн кеңейтип, аларга жаркын маанай тартуулайт.
"Айкөл Манас" темасындагы ачык сабак.
2019-жылдын 13-декабрында №186 МЧББУда жогорку тайпанын тарбиячысы: Толоева Мээрим "Айкөл Манас" темасында ачык сабак өткөрдү.
Жаңы жылга карата жасалгалоо.
№186 МЧББУда ар бир тайпада Жаңы жылга карата жасалгалоолор жүрүп жатат. Бала бакчада Жаңы жылдык көрүнүш жана сыйкырдуу маанай өкүм сүрүп жатат.
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата.
12-декабрь Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата 12-декабрь 2019-жылы №186 МЧББУда 1-даярдоо тайпасынын тарбиячысы: Мамбетова Мунара Сыргабековна Ч. Айтматовдун "Кылым карытаар бир күн" чыгармасынан балдар менен бирдикте "Манкурт жана Найман-Эненин" образын чагылдырып көрсөтүштү.
Биздин бакчага куурчак театры келди.
"Күз берекеси" аттуу көргөзмөлөр.
№186 МЧББУда 30-октябрда ата-энелер жана балдар менен бирдикте "Күз берекеси" аттуу көргөзмө уюштурулду. Оригиналдуу жана кызыктуу көргөзмө жер-жемиштерден жасалып коюлду!
"Жүрөгүмдү балдарга арнайм" аттуу шаардык кароо сынак.
17-сентябрь 2019-жыл Ленин районуна караштуу №186 МЧЧБУму "Жүрөгүмдү балдарга арнайм" аттуу кароо сынакка эң мыкты бала бакча деген аталмага катыштык. Бала бакча жамааты жигердүү катышып, эң жогорку деңгээлде көрсөттүк.

Новости

[video width="640" height="640" mp4="https://doo186.edubishkek.kg/wp-content/uploads/sites/122/2020/10/1-kenzhe-taypa-vizitka-2020.mp4"][/video]
[video width="640" height="640" mp4="https://doo186.edubishkek.kg/wp-content/uploads/sites/122/2020/10/vizitka-2-kenzhe-2020.mp4"][/video]
[video width="640" height="640" mp4="https://doo186.edubishkek.kg/wp-content/uploads/sites/122/2020/10/videorolik-ortonku-taypa-vizitka.mp4"][/video]

Мы в цифрах

25
Жыл бала-бакчага
495
Балдар
83
Бүтүрүүчүлөр жылына
3000
Китептердин саны